КАНДЫ-ТОО КАНДЫ-ТОО — топоним. Манас төрөлгөндөгү жентек тою К.-Т-нун оюнда өткөрүлөт. Ал эпосто: Канды-Тоонун оюна, Кара-Суунун боюна, Карап тургун калайык Кан Жакып кылган тоюна (Сагымбай Орозбаков, 1. 79), — деп Алтай чөлкөмүндөгү тоо катары сүрөттөлөт.