![]() |
КАНДАГАЙ |
![]() Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Кошой кийип балбанга түшкөн К-дын тарыхына өзгөчө көңүл бурулат. Аны тигиш үчүн Каныкей Анжыяндын ары жагы, Айым-Мүнсөк бери жагы Даңдуң - Баштын тоо текесинин териси калың болот деп угуп, Абыке баш болгон алтымыш мергенди атайы жөнөтүп, териге залал кылдырбай жалаң көзгө аттырып алат. Аны күндүн көзүн көрсөтпөй кургатып, жез челекке алты ай алманын кабыгынан жасалган малмага салып ашаттырат. Кайыптын кызы Арууке баш болгон токсон узга тиктирет. Ичине буулум ичтеп, тышы бышык болсун деп болот эгер ширетет. Мусулман кандарынын кийген шымдарынын ичинен жалгыз ушул К. балбанга түшчү Кошойго бап келип, ыраазы болгон ал аны жасаган Каныкейге батасын берет. Ошол батадан Семетей бойго бүтөт. Эпосто К-га мындай олутуу көңүл бурулушу, анын түпкүлүгүндө тотемдик жаныбар менен байланыштуулугунда. Адепки учурда ал магиялык күчкө ээ шым катары эсептелген. Муну анын К. аталышы ырастайт. Алтай тилдеринин чоң тобунда багыш — кандага (эвенкиче), кандахан (манжурча), хандагай (моңголчо) деп айтылат. Якуттардын мифтик ишениминде Алып хандагай токойдун ээси, аңчылыкты колдоочу. Байыркы Сибирь элдернде Хандагай (багыш) кудай жаныбар — тотем болгон. Ошондуктан кыргыздардын көп учурлары ушул тотем жаныбардын атын алып жүргөн (сары багыш, кара багыш, чоң багыш, багыш). Тотемдик жаныбардын терисин кийген адам анын колдоосу менен жеңилбес күчкө ээ болот деген ишеним болгон. Ошондуктан арстан кебин кийген Рүстөм, Геракл сыяктуу эле Кошой да багыш терисинен шым кийгенде кебелгис күчкө ээ болуп, эч кимден жыгылбаган Жолойду жеңет. Ы. Кадыров, М. Толубаев |

![]() |
кандагай |
(этн.) |

![]() |
кандагай |
|

Найти все переводы слова "КАНДАГАЙ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КАНДАГАЙ"?
Ввойти