Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КАНАТ ЧИЙ
 

КАНАТ ЧИЙ

 
«Килем көчөт» келтирип, чырмак салган чийне («Манас»). Бул чырмалган же эндей чийден токулган боз үйдүн сыртынан калануучу жабуу. Анын узундугу боз үйдүн аянтына карата аныкталат. Ал эми бийиктиги чыгдан (ашкана) чийдей келет. Эки башында үчтөн алты боосу болот. Алар ыңгайына карата уукка, керегеге жана босогонун таягына байланат. Канат чийдин баш-аягы ийректелет. Эгер көркөм оюм түшүрүлсө, анда чийдин баш-аягы кара жүн менен чыбыкталат. Керегенин сыртынан калоочу чийди үйдүн чоң жана кичинесине карай эки бөлөк согот. Канат чийди кызыл, көк, жашыл, сары, ак ж. б. ар түрдүү түстөгү жүндөн түр салып чырмайт. Ал «чырмак чий» деп аталат. Чийди жибек менен да чырмашкан. Өткөн мезгилдерде 10—12канат ак үйлөргө тасма чийди да колдонушкан. Бир кылка ичке чийди «тасма чий» деген. Анда көркөм көчөт түшүрүшкөн. Жалаң ичке чийди тандап алып, түрдүү жибек менен чырмап, кооз көчөт берген. Тасма чийлерди чырмоо — татаал көрүнүш. Эки канат чийди минтип чырмап бүтүрүүгө эң кеминде 4—5 чырмакчы болжолдо 5—6 ай убакытты сарптаган.
      Канат чийди көркөм оюм-түр түшүрбөй, түрдүү түстөгү жип менен жыш эле чырмактап да жасашат. Аны «чыбыктоо» же «тап бердирүү» деп атайт. Канат чийге «мүйүз оюмун» бериш үчүн ар бир чийдин эсеби алдын-ала такталат. Чырмалуучу ошол бир талдын аяк-башынын чени да узга белгилүү болот. Эгер муну төрт өңдө берүүгө тийиш десек «мүйүз оюмунун» башын же анын чеке-белин так көрсөтүүдө кайсы түстөгү жүн канчанчы тал жүн аркылуу кошулат. Оюм менен ак чийдин аралыгы кандай берилет, оюмдун кылда учу менен аягы кандайча кошулат, ошондо узун-туурасы метр-бир метр сексен см. бийиктиги бар буюмдун жалпы аянтына канча тал чий, жүндүн түрүнөн канча өлчөмдө кетээрин чырмакчы баамдайт. Ар бир чырмалган тал чий белгиленип турулат.
      Канат чийди чырмоо жана согуу үчүн буюмдун мыкты үлгүсү катары узданууну мындан баштоо керек. Чийдин аяк-башы, адаттагыдай, кара жүн менен чырмакталып, ал «ийректелет». Эми түшүүчү көчөттүн фонуна кызыл өңдү тандообуз керек. Анан көктөн «мүйүз оюмун» бергенде, буюмдун ортосу үч бурчтук келет. Анын ичине сарыдан көчөт түшүрүп, жогоруда айткан ушул шарттуулук дал өзүндөй кайталанат. Кызыл менен көктүн айрым жерлери сары өң аркылуу жээктелет. Ал андан бетер жүзүн ачат. Адатта, чий буюмдарына түшүүчү көркөм оюм-көчөттөр бурч чыгарылып, сындырылып түшкөндүктөн «мүйүз уюмдарынын» башы «бармак боочу оюму» баштанып калуусу да ыктымал. Мына ушундай канат чийдин өзүн жогорудагы үч өңдү айкалыштырбай эле ак-кара аркылуу да берүүгө болот. Мындай бири-бирине карама-каршы эки өң өтө «алачакмактанып» калат.
      Болбосо, кара ийректен кийин канат чийдин жээгин сарыдан берип, буюмдун четтигине кызыл-кара «бадамча оюмун» түшүрүп, анан «салбай оюмун», «табак оюмун», «омуртка оюмун» келтирүү салтка айланган. Мындай көрүнүш Нарын аймактарында кулач жаюуда. Мында оюм көчөттөрдүн ортолору омурткаланып, өз ара шуруланып, «тап бердирилип», төрт бурчтук, тумарчаланып, кошуу ( + ) белгиси өңдөнүп, «ала мончоктолуп» турат.
      Көркөм буюмга «ала мончок» берүү көбүнчө чий чырмакчылыкка, өрмөкчүлүккө жана килемчиликке бөтөнчө таандыктай туюлат. «Тап бердирүү» — буюмдун өңүн буруу жана ачуу, айрым жерлерине өзүнчө өзгөчөлөнгөн ачык белги берүү. Маселен, чийди чырмап чыбыктап, аны ак чийге аралаштыра токуу, өрмөктү эндей таар согуп баратып, айрым жерлерине түр түшүрө чалып кетүү, токулуп жаткан килемдин бир өңчөй жерлерине башка өң келтирүү жана башка ушул өңдүүлөр — тап бердирүүнүн ачык далили.
      Жоон чийди жүн менен чырмоо тасма чийге караганда оңой болгон. Жалпы эле көчөтү бар чий үйдүн ички жасалгасына кошумча кооздук берип, жайдын күнү үйдүн ичин чандан коргоп салкындаткан. Кыштын күнү сууктан сактаган. Үйдүн эптүү тигилишине шарт түзгөн.
      Чий чырмалса, чырмалбаса да кыргыздар чийсиз боз үй тикпеген. Анткени, чийсиз боз үй коолдоп, ички көрүнүшү жоголуп, ысыкты да, суукту да өткөрө берет. Кыргыздарда «Кереге чийдей болбойт, келин кыздай болбойт» — деген кеп бар. Үйгө калана турган чийдин бийиктиги орто эсеп менен 1,50—1,70 см. болот.

Найти все переводы слова "КАНАТ ЧИЙ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАНАТ ЧИЙ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru