![]() |
КАНАТТУУ КАБАРЧЫ |
Түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларынын баш каармандары менен канаттуулардын ортосундагы байланышты, ал гана эмес тектештиги, жакындыгы жөнүндөгү түшүнүктөрүнөн келип чыккан көз караштардын эпостордогу калдык элестери экенин мына бул маалыматтар аныктайт: алтайлыктардын «Алтай-Буучай» эпосунда эки өрдөк, хакас элинин «Судэй-Мерген» жомогунда чабалекей, «АйМерген жана Алтын кыз» жомогунда эки үкү, бурят-моңголдордун «Гэсэринде» карга, тоту куш, казактардын «Козу Көрпеш, Баян Сулуусунда» бакма кара кучкач, өзбектердин «Алпамышында» жапайы каз, «Равшанда» кара кучкач кат ташып, кабарчылык милдет аткарат. Кыргыз эпосторунда да канаттуулар кабарчылык милдетти аткаруу менен элдик ишенимде зор симпатияга ээ. Мисалы, «Жаныш, Байышта» көгүчкөн, «Эр Табылдыда» күкүк, «Олжобай менен Кишимжанда» торгой, «Манаста» көгүчкөн аркылуу кабар бериши эпостордун байыркы жомоктук-мифтик абалына байланыштуу болот. «Манас» эпосунда ушуга жакын элес Коңурбай канатына кат байлап Эсенканга жиберген Карганын, кытай чегин кайтарган тыңчы-кабарчы Куу Өрдөктүн образынан көрүнөт. Эпосто кат ташыган Көгүчкөн делбей, Карга менен алмашылган мифтик кабарчынын терс мүнөзү — анын эпикалык душмандарга кызмат кылышы менен түшүндүрүлөт. Демек, кабарчы канаттуулардын эпикалык каармандар менен болгон байланышын ошол байыркы доордогу «көгүчкөн почточу» жөнүндөгү түшүнүктүн кыргыздын улуу жана кенже эпосторунда чагылган жаңырыгы катары каралууга тийиш. С. Алиев |

Найти все переводы слова "КАНАТТУУ КАБАРЧЫ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КАНАТТУУ КАБАРЧЫ"?
Ввойти