Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - КАН
 

КАН

 
КАН (кыт. хуан — император, башкаруучу; маньч. «хаан», моңг. «хаан», алт. «каан» — башкаруучу, жол башчы) — элдин сүйлөө тилинде да, башка фольклордук чыгармалар менен бирге «Манас» эпосунда да кеңири колдонулган титул. К. кытай тилинен алтай тобундагы элдердин (түрк-моңгол, тунгус, манжур) тилдерине эң байыркы мезгилде кытайдын «хуан» (башчы, башкаруучу) деген сөзүнөн өздөштүрүлгөндүктөн ал элдердин мифологиялык персонаждары да К. деген титул менен аталат. Мисалы, Теңиркан, Күнкан, Бууракан жана башкалар Кытайдын «хуан» (мамлекетти башкарган адамдын титулу) деген титулдук терминин уруулук-жамааттык түзүлүштө жашаган уруулар өздөштүргөндө социалдык абалынын деңгээлине жана коомдук мамилелерине болгон түшүнүгүнө карата семантикалык мааниси өзгөрүлүп кабыл алынган. Себеби, али таптык коом калыптана элек болгондуктан уруулук коллективдин ички мамилелерине ылайык уруу башчысы (уруу аксакал) ушул титул менен аталган деп айтууга болот. Ал эми уруулук-жамааттык түзүлүштөн алгачкы феодалдык мамилелерге өтүүдөгү өткөөл мезгилге (согуштук демократия) да К. деген термин уруулар союздагы күчтүү уруунун башчысына, ошондой эле жеке уруулардын башчыларына да титулдук мааниде колдонулат. Патриархалдык-феодалдык мамилелер пайда болуп, территориялык жактан ар башка уруулардын биригип, уруулар союзунун негизинде өзүнчө эл болуп түзүлгөн кырдаалда «кан» деген титул жалпы элдин башчысын түшүндүрөт. Ал эми феодалдык типтеги мамлекеттик биригүүлөр пайда болгон процессте К-дын семантикалык мааниси дагы кеңейип, мамлекеттин башкаруучуларына берилген. Демек, тапсыз коомдо эле пайда болгон бул титулдук термин узак эволюциянын негизинде мааниси өзгөрүп таптык коомдо үстөмдүк кылган таптын бийлөөчүсүнө да мансаптык даража катарында колдонулган.
«Манас» эпосунда К. «уруу башчысы», «элдин башчысы», ошондой эле «мамлекеттик биригүүнүн башчысы» сыяктуу ар башка мааниде айтылат. Албетте, эпикалык тексттердеги К. деген терминди контексттеги маанилерине карата элдик (оң жана терс) түшүнүктө жана аны көркөм-эстетикалык сапатына жараша түшүнүү. «Манас» эпосундагы кыргыз элинин душмандарынын башчылары да «кан», «падыша», «төрө» деген титулдар менен аталат, ошондой эле элди-жерди басып алууга аракеттенген баскынчыларга каршы күрөшкөн патриот элдик башчыларга да ушул эле титул катарында колдонулат: «Каспаңдагы кан Коңур Каары катуу оңбогур» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 292-б.). «Кан Манастын башына Жыгалуу бөрктү кийгизди» (Сагымбай Орозбаков, 2. 27). Ушул сыяктуу эле башка негизги каармандарга да бул титулдук терминдер колдонула берет. Эпосто кыргыз урууларынын ар биринин башчылары да, уруулардын бириккен топторунун (арыш) башчылары да, жалпы кыргыз урууларынын башчысы, коңшу жашаган уруулардын башчылары да, душман элдеринин башчылары да К. деген титулдук наам менен атала берет. Мисалы, Катагандын кан Кошой, Казактардын кан Көкчө же Букардын каны, Оогандын каны, эпикалык душмандар жөнүндө Бээжиндин каны Коңурбай жана башкалар Эпостогу К. термининин эволюциясы жөнүндө Сагымбай Орозбаковдун вариантында талдоого ала турган бир факт бар. Бээжинге жортуулга аттанар алдында шарт боюнча бир кишини (башчы) көтөрүү керек болот. Ошондо Манас өзүнүн сунушун айтат: «Аксакал Бакай абамды, Калк агасы бабаңды Кан көтөрсөк кантет» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 584-инв., 121-б.). Мындай салт моңгол элдеринде да болгондугу белгилүү. Демек, бул (кан көтөрүү) аталык уруулук жана уруулар союзунун (арыш) шарттарындагы салттуу эреже экендигин айгинелейт.
А. Абилов

кан

 
кан (шүйшүн), канга
кан агуу (а. ч.)
кан анализи (а. ч.)
кан басымы
кан буугандай
кан жалатуу
кан жаңыртуу (а. ч.)
кан жел (сифилис)
кан жол
кан жөткүрүү
кан жүрүү системасы
кан жуткуруу
кан жутуу
кан ичер
кан ичкич
кан кайноо
кан какша- (кангакша эмес)
кан какшат- (кангак шат- эмес)
кан катуу (суусоо)
кан кечүү
кан көчө (чоң көчө)
кан күйгөн (иш учуру)
кан кускур
кан кууш
кан куюу
кан майдан
кан мителери (зоол.)
кан плазмасы
кан соргуч (кансоргуч
эмес)
кан тамыр
кан темир
кан токтотмо буугуч
(мед.)
кан төгүү
кан тырмак
кан уурташуу
кан чырайлуу (кызыл дуу)
канга боёо
канга кан
канды булоон
кандын айланышы
кандын уюшу
кан-жаны, каны-жаны
кан-жин
кан-жини аралаш
кан-сөл
кан-сөлү жок
кан-сөлү качуу
каны бузук
каны-жаны менен
каны жерге тийбөө
каны ичине тартуу
каны кайноо
каны катуу
каны качуу
каны кызуу
канына сиңүү
канын соруу
канын суудай агызуу
каны суюк

кан

 
кан, хан; канга
кан таламай (оюн)
кан талоон (эск.)
кан төрө
канга салам бербөө
каным дат, канымдат

кан

 
I зат. Дененин бардык клеткаларын азыктандыруучу жана заттарды алмаштыруучу, организмди тамырлар аркылуу айланып жүрүүчү кызыл түстүү суюктук. Күлчородон ал кетти, Кара курум кан кетти («Семетей»). Сатылгандын оозунан кан.. акты (Аалы).
¨ Арам кан к. арам. Кан буугандай — өтө тез, дароо, ылдам. Кан ичер — канкор, ырайымсыз, мыкаачы. Кан ичер жоону жеңүүгө камданып чыккам калкымдан (Бөкөнбаев). Кайнаса каны кошулбоо — эч ыркы келишпөө, эч келише албоо, бири-бирине кас болуу. [Бай-манаптар].. кайнаса каныбыз кошулбай турган душманыбыз (Жантөшев). Кан какшоо к. какша. Кашык каны калганча — өмүрүнүн акырына чейин, бардык күчү түгөнгөнчө. Атыш, чабыш аянбай, Кашык каның калганча (Нуркамал). Каны катуу к. кат IV. Кан жутуу — абдан кайгыруу, аза күтүү, капа болуу. Кантээр айла таба албай, Кан жуткансың ичиңде (Токтогул). Кан-сөөлү жок — каны, кызылы жок, кубарган, кумсарган. [Гүлайым].. кан-сөөлү жок 6озоруп, жаак эти шимилген (Бейшеналиев). Кан жалатуу — оозу-мурдун кандоо, оозу-мурдунан кан чыгара муштоо, катуу жазалоо, уруу. А түгүл [байлар] мына минтип оозубузду кан жалата токмоктошот (Абдукаримов). Ичинен кан өтүү — аябай кейүү, өкүнүү, кайгыруу. Каны ичине тартуу — кубарып-кумсаруу, каны качуу. Каныбектин каны ичине тартып, тиштери кычырап, жаак эттери түйүлө баштады (Жантөшев). Каны кайноо — ачуусу келүү, кыжырлануу, жини келүү. Арзыкул эми каны кайнап, тиштерин кычыратып отурат (Байтемиров). Каны кызуу к. кызы. Кан майдан — кан төгүлгөн согуш, уруш, салгылаш. Талыкшыбай кан майданды аралап, Талкаладың, залим тобун айдадың (Бөкөнбаев). Ашыгы кан майданга жөнөгөндө, Ичинен бакыт тилеп жаш имерген (Осмонов). Кан соргуч — эзүүчү, бирөөнүн эмгегинин эсебинен жашоочу. Кан соргучтар ойлобойт Бечаранын убалын (Токтогул). Ичиңерде калбасын Кан соргучтун баласы (Тоголок Молдо). Кан чырайлуу — кызылдуу, кызыл жүздүү, сулуу. Кан темир — чагылгандын огу, чагылгандан түшкөн таш.
КАН II хан менен бирдей.
КАН III этиш. 1. Суусаганы басылуу.
2. өт. Канааттануу, алымсынуу, алымсындырарлык абалга жетүү. Илимге балам кан деди, Аскерлик милдет ал деди (Барпы).

кан-

 
кан- (суусуну кануу),
канбай, канган
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокан
Множ. числокандар
Склонение по падежам - "кан"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кан
Родительный Чей?кандын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?канга
Винительный Кого?, Что?канды
Местный Где?, У кого?канда
Исходный Где?, У кого?кандан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кандар
Родительный Чьи?кандардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кандарга
Винительный Кого?, Что?кандарды
Местный Где?, У кого?кандарда
Исходный Откуда?, От кого?кандардан

Найти все переводы слова "КАН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru