|
Инвестициялык кепилдик боюнча эларалык агенттик (икэа)
|
|
ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЕПИЛДИК БОЮНЧА ЭЛАРАЛЫК АГЕНТТИК (ИКЭА) – 1988-жылы түзүлгөн ЭКӨБдүн туунду уюму, ал юридикалык жана каржы жагынан көзкарандысыз. ИКЭАнын максаты: а) Дүйнөлүк банк тобундагы институттардын иш-аракетине кошумча катары, өзгөчө жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн өндүрүшү үчүн тартылган чет өлкөлүк инвестицияларга колдоо көрсөтүү; б) ИКЭАга мүчө-өлкөнүн башка өлкөгө инвестиция тартуусуна камсыздандырууну жана коммерциялык эмес тобокелдиктерди кайра камсыздандырууну кошкондо (экспроприация же ушу сындуу чаралар, валюта каражатынын трансферти, келишимдердин бузулушу, согуш жана жарандык башаламандык) кепилдиктерди берүү.
|