ИДЕЯ |
Аттангандан тартынба, Айтууга калсын артыңа. Көптүгүнө ишенген Көңкү кытай капырды Көрүп турсун көз менен, Аягың чыгар кишенден! Арбынмын деп ишенген, Арбак урган капырга, Санын бириң өлтүрүп Зарыкпай аяк чечиңер Саныңды чыгар кишенден! (Сагымбай Орозбаков, 2, 151), — деп алдыда болуучу айыгышкан күрөштүн кыйындыгын ачык-айкын түшүндүрөт. Манастын аркасы менен эл ата мурас жерине ээ болуп, колу-буту «кишенден» бошойт. Бирок, эңсеген эркиндик ушуну менен эле камсыз болуп калган жок. Бул үчүн дагы ички ыйкы-тыйкы, чыр-чатактарды тышкы душмандын басып кирүү коркунучун жоюу зарылдыгы келип чыккан. Манастын жети кандын чатагын жөнгө салуу менен башкы күчтү, негизги көңүлдү Бээжинге карата буруп, Чоң казатка аттанышынын негизги себеби да ушуну менен түшүндүрүлөт. Анын элге, жерге деген сүйүүсү ушунчалык назик жана чексиз. Чоң казат жолунда эл тагдыры жөнүндө бушайман болот, эли-жерин бир саамга эсинен чыгарбайт: Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас Жерди айтып бир кейип, Жыргалдуу кыргыз көп ногой Элди санап бир кейип, Кокустан өлүп кетсем Бээжинде Бирөөнүн тилин бири албай, Баш-аламан кокуй эл Бирөөн бирөө көрө албай, Ала болуп кетет бейм, Аңдып жүргөн көп душман Алакандай элимдин Түбүнө түгөл жетет бейм (Саякбай Каралаев, 2. 98). Манастын жолун уулу Семетей улап, талоонго калган элин эбине келтирип, Коңурбайдан атасынын өчүн алат. Семетей ишке ашыра албай калгандарды Сейтек жөнгө салат. Эпостун улам кийинки бөлүктөрүндө («Семетей», «Сейтек») кан күйгөн кармаштар, кырчылдашкан согуштар «Манастагыдай» көп болбосо да, чыгарманын негизги лейтмотиви — эркиндикти, күнкор эместикти коргоп калуу эч солгундабайт. Дегинкисинде, Манас да, Семетей да, Сейтек да элдин эңсеген тилегинен жаралган идеал каармандар. Алар элдин эркиндик үчүн күрөштөрүндө дайыма чоң тирек, өбөк, таянар тоо болуп, муундарды, элдин эркиндигин коргоочу болочокку жоокерлерди тарбиялоодо зор мааниге -өэ болуп келген. Эпостун эркиндик, көз каранды эместик И-сы жуурулушуп турган баатырдык патриоттук элди, жерди, Мекенди сүйүү И-лары чыгарманын башынан аягына кызыл сызык болуп өтүп турат. О. Исмаилов |
идея |
|
идея |
2. Көз караштардын негизги принциби, бир нерседеги негизги ой» |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | идея |
Множ. число | идеялар |
Склонение по падежам - "идея"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | идея |
Родительный Чей? | идеянын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | идеяга |
Винительный Кого?, Что? | идеяны |
Местный Где?, У кого? | идеяда |
Исходный Где?, У кого? | идеядан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | идеялар |
Родительный Чьи? | идеялардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | идеяларга |
Винительный Кого?, Что? | идеяларды |
Местный Где?, У кого? | идеяларда |
Исходный Откуда?, От кого? | идеялардан |
Найти все переводы слова "Идея" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "Идея"?
Ввойти