|
Зыяндын ордун толтуруу
|
|
ЗЫЯНДЫН ОРДУН ТОЛТУРУУ – зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыккан мүлктүк жоготуунун ордун толтуруу. Жарандык мыйзамдарга ылайык, эгер колдонуу чегинен чыкпай, өзүн коргоо зарылчылыгынан улам зыян келтирилген болсо, анын ордун толтурууга жатпайт. Зыян келтирүү өтө зарыл учурда, т. а. зыян келтирген адамдын өзүнө же башка жакка залакасын тийгизүүчү коркунучту жоюу үчүн жасалып, ошол шартта ал коркунучту жоюуга башка чараларды колдонууга мүмкүнчүлүк болбосо, зыяндын орду зыян келтирген жак тарабынан толтурулат. 14 жашка толбогон (жаш балдар) эрезеге жетелек балдар тарабынан келтирилген зыян үчүн, алардын күнөөсүнөн улам болгондугун далилдей албаса, ата-энеси (асыроочу) же камкорчу жооп берет.
|