Меню
Эл-Сөздүк

Зикир чалуу

Зикир чалуу – араб сөзү. Эске түшүрүү деген мааниде. Теги мындай: эшендер өздөрүнүн муриддери (муруттары) менен алака болуп отуруп алып, Аллоху таалага жалынган сөздөрдү күпүлдөп кайталай беришет… Эшендердин оюнча, Аллага жалынуу «намаз» менен гана бүтпөйт. Аллага чын жүрөктөн жалынуу керек (Карасаев Х. Накыл сөздөр. 151-б.).

Зикир чалуу

Зикир чалуу – суфизмдеги айрым агымдарга мүнөздүү Кудайды эскерүү жөрөлгөсү. Зикир жарыя жана купуя түрүндө чалынган. Жарыя салынган зикир 19-к. Орто Азияда жашаган мусулмандар арасында кеңири тараган. Жоон топ сопу чогуу олтуруп алардын бири музыкалык аспаптын коштоосунда диний ырларды обонго салып ырдайт. Ал ырлар баштан-аяк Кудайдын кошумча аттарын кайра-кайра кайталоодон куралган. Ырдаган сопунун бара-бара делебеси козголуп, ордунан тура бийлеп, отургандар да бийге аралашкан. Көпкө созулган ыр, музыка, бийден зикир чалуучулар алсырап, өзүн унутуп, экстаз абалына жеткен (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 184-б.).

Зикир чалуу

Зикир чалуу – эске түшүрүү (араб тилинен). Теги мындай: эшендер өздөрүнүн муриддери (муруттары) менен алака болуп отуруп алып, Аллоху таалага жалынган сөздөрдү күпүлдөп кайталай беришет… Эшендердин оюнча, Аллага жалынуу «намаз» менен гана бүтпөйт. Аллага чын жүрөктөн жалынуу керек (Карасаев Х. Накыл сөздөр. 151-б.).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: