Меню
Эл-Сөздүк

ЗЫМ ТАРТКЫЧ

Зергердин куралы, аспабы. Бул — күмүш, жез сыяктуу ийилгич заттардан ар кандай жоондукта зымдарды чоюп жасоо. Зергерлер муну жасоонун төмөндөгүдөй ыкмаларын жүзөгө ашырышат.
      1. Күлбото болуп ийленген чопо топурактан жан аяктай чакан калып жасалат. Анын түбүндө ар кандай кеңдикте тешиктери болот. Күмүш зымды тартууда бир гана тешиги калтырылып, калган тешиктери чопо менен бүтөлөт. Көөрүктүн чогуна эриген зым тарткычтагы күмүш тешиктин көзүнөн көзгө илээшпей куюла баштаганда ага кайра күмүштү тийгизип тартканда күмүш зым такыр үзүлбөй, ичке болуп созула берет.
       2. Зым тартуучу атайын темир калып болот. Анын ар кандай кеңдикте 15—20дай көзөнөгү бар. Мурун мунун жумуруланган күмүш көзөнөгү кененирээк калыпта чоюп-созуп алуу керек. Андан соң андан тарыраак көзөнөктөн күмүш зым өткөрүлөт. Мына, ушинтип, жыйырмадай тешиктүү калыптардан өткөрүлгөн күмүш зым аттын туу куйругундай ипичке болот да, ал он беш-жыйырма кулачка жетет. Мында адегенде зым сомдолот да, анан учун ичкертип алат. Көзөнөкчөлөргө саптап алып, «чымчыкооз» аттишке кыпчып, эки буттун ортосуна коюп, өйдө тартканда, зым сыдыргыга салгандай тегизделет. Аны «кыргыга салуу» деп айтат. Мындай күмүш зым менен элдик зергерлер кыз-келиндердин желбирөөч, сөйкө, билерик, шакек, төөнөгүч сыяктуу асем буюмдарын «тордоо», «эшүү», «чыйратуу» ыкмалары менен кооздошкон.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: