-
Жөнөкөй шериктештик келишими
-
ЖӨНӨКӨЙ ШЕРИКТЕШТИК КЕЛИШИМИ (биргелешип иштөө келишими) – 2 же андан ашуун адамдар (шериктер) юридикалык жак түзбөстөн эле киреше алуу же башка мыйзамга каршы келбеген максаттарга жетүү үчүн өз каражаттарын бириктирүүгө жана биргелешип аракеттенүүгө милдеттенген келишим. Жеке ишкерлер жана/же коммерциялык уюмдар гана жеке ишкердик үчүн түзүлгөн Ж. ш. к. тараптары боло алышат. Шериктештердин жеке менчигиндеги ортого кошкон мүлктөрү, ошондой эле биргелешкен иштердин натыйжасында өндүрүлгөн азык-түлүктөр жана анын жемиштери жана кирешелери, эгер мыйзамда же Ж. ш. к. башка каралбаса, өзара милдеттердин маңызынан башка жагдайлар чыкпаса, алардын жалпы ишкер менчиги катары таанылат.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Жөнөкөй шериктештик келишими