Меню
Эл-Сөздүк

ЖӨӨТ

ЖӨӨТ (иранча яхот — еврей). Эпосто кыргыздардан алыста жашаган элдердин бири катары эскерилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн ашына келген Тарса жана башкалар элдер менен катарлаш айтылып кетет:
Журттун баары чогулуп
Болжогон жерге барганы,
Тарса, жөөт, сакалат,
Аягы барып бул иштин
Ат келишке такалат (Сагымбай Орозбаков, 3. 263).



Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: