|
Жүргүнчүлөрдү ташып жеткирүү келишими
|
|
ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮ ТАШЫП ЖЕТКИРҮҮ КЕЛИШИМИ – ташуучу жүргүнчүнү тийштүү жерине жеткирүүгө, а жүргүнчү жанжүк тапшырган кырдаалда аны да жерине жеткирип, жанжүктү алууга ыйгарым укуктуу адамга тапшырууга милдеттенген келишим; жүргүнчү өзүн жана жанжүгүн жеткиргендиги үчүн белгилүү акыны төлөөгө милдеттенет. Ж. т. ж. к. билет, ал эми жүргүнчүнүн жанжүк тапшырганы – жанжүк дүмүрчөгү менен күбөлөнөт. Билет жана дүмүрчөк тариздери унаа уставдарында жана кодекстеринде белгиленген тартипте аныкталат.
|