-
Жоюучу комиссия (жоюучу)
-
ЖОЮУЧУ КОМИССИЯ (жоюучу) – юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) тарабынан же юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдын макулдугу боюнча аны жоюу чечимин кабыл алган орган тарабынан дайындалган комиссия (адам). Ж. к. дайындалган учурдан тартып юридикалык жактын иштерин башкаруунун ыйгарым укуктары ага өтөт. Ал кредиторлорду аныктоо жана дебитордук карыздарды өндүрүүгө карата чараларды көрөт, ошондой эле кредиторлорго жазуу жүзүндө юридикалык жактын жоюлуп жаткандыгы жөнүндө кабарлайт. Кредиторлорго талаптарды коюучу мөөнөт бүткөндөн кийин Ж. к. жоюулуучу юридикалык жактын мүлкүнүн түзүмү жөнүндөгү маалыматтарды, кредиторлордун койгон талаптарын, ошондой эле аларды кароонун жыйынтыктарын камтыган аралык жоюучу балансты түзөт. Эгер жоюлуп жаткан юридикалык жактын (мекемелерден башка) колдо бар акча каражаттары кредиторлордун талаптарын канагаттандырууга жетпесе, Ж. к. анын мүлктөрүн сот чечимдерин аткаруу тартибинде жалпы тооруктарда сатат. Кредиторлор менен эсептешүүлөр аяктагандан кийин Ж. к. юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдын макулдугу боюнча аны жоюу чечимин кабыл алган орган тарабынан бекитилүүчү жоюу балансын түзөт.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Жоюучу комиссия (жоюучу)