|
Жер участогуна өмүр бою мураскорлук ээлик укугу
|
|
ЖЕР УЧАСТОГУНА ӨМҮР БОЮ МУРАСКОРЛУК ЭЭЛИК УКУГУ – жер участогун пайдалануунун туруктуу (мөөнөтсүз) укугу менен бир катарда мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер участокторуна карата чектелген буюмдук укук. Жер участогуна мөөнөтсүз ээлик кылуу жана белгилүү чарбалык (же жеке) максаттар үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мыйзамда башка жобо болбосо, ал участокто аларга менчик укугун алуу менен, имарат, курулма жана башка кыймылсыз мүлктү курууга мүмкүнчүлүгү берилет. Жарандарга гана берилет. Мураска калтырылат. Тийиштүү жер участогун ижарага же акысыз кыска мөөнөттүү пайдаланууга жол берилет. Ажыратууга жана күрөөгө коюуга тыюу салынат. Жер участогун мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн алууда, ошондой эле укук ээси ойдогудай пайдаланбаган учурда токтотулат. КР жарандык мыйзамдарында бул институт 1999-жылы жоюлган жана ошого ылайык пайдаланылбайт.
|