Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

ЖЕЗТУМШУК

ЖЕЗТУМШУК (жез тырмак, жез кемпир) — кыргыз элинин кереметтүү жөө жомокторундагы салттуу терс каармандардын бири. Ж. кадимки адам түспөлүндө болуп, адамча сүйлөйт, өзү каалагандай кубулат, тумшугу, тырмагы курч (болоттон, жезден). Ж. адам жүрбөгөн алыскы жайлардан жолугат. Адамдар амалкөйлүк менен Ж-ту өлтүрүп, тумшугун, тырмактарын керектөө үчүн кесип алат. «Манас» эпосунда Ж. тууралуу толугу менен маалымат берилбесе да, алыскы жайларда жолуга турган тумушугу жез жапайы адам катары айтылып кетет: «Тумшугу жез киши бар — убара чаркоо дегени» (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: