Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: Нотариалдык аймак ambiance
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЖАМГЫРЧЫ
 

ЖАМГЫРЧЫ

 
ЖАМГЫРЧЫ — каарман, уруу башчы кандардын бири. Көпчүлүк учурда эштектердин Жамгырчы делип туруктуу эпитет менен айтылат. Эштек аттуу урууну ичине камтыган бас деген журттун каны, кол башчысы, баатыры катары баяндалат: «Эштектердин Жамгырчы, Бас журтунда бу бир кан» (Сагымбай Орозбаков, 3. 61). Ж. борборунда турган атайын эпикалык сюжет жок. Түрк урууларынын биримдиги, биргелеш өткөргөн жыйындары же казаттары баяндалган эпизоддордун бардыгында Ж. уруу башчы катары көрсөтүлөт. Көкөтөйдүн ашына Ж. өзүнүн колу, эли менен катышат. Ж.— Манаска каршы кутум уюштурган жети кандын бири, күүлөнүп барып, Манастын сүрүн көргөндө аны менен басташмакчы болгон максатынан кайра тарткан кандардын эң алдыңкысы:
Каршы келген Жамгырчы
Каарына тура албай...
Улук эрди көргөндө
Учуп түштү атынан,
Кол куушуруп бооруна (Сагымбай Орозбаков, 4. 47).

«Чоң казатка» да өз колу менен катышып эрдик көрсөтөт, кытай, калмактарды жеңүүдө үлүшүн кошот. Семетей Таласка кайрылып келгенден кийин Ж. Семетейге канатташ жашап, керек учурларда акыл-насаатын айтып турат. Эпостун бүт дээрлик варианттарында кыргыз кандарынын бири катары айтылса, Валиханов жазып алган эпизоддо карама-каршы планда берилип, Көкөтөйдүн ашында эр сайышка чыккан «каапырдын каны» Ж. Манастан жеңилип калганы сүрөттөлөт (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 87—88-б.). «Мажму ат-таварихте» Иамгурчи аталып, Фулад менен бирге Манасия шаарына жортуулга барган ногой эмири делет, к. Йамгурчи.
С. Кайыпов


Найти все переводы слова "ЖАМГЫРЧЫ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖАМГЫРЧЫ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru