Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: Каско камсыздандыруусу
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЖАБЫКЕ
 

ЖАБЫКЕ

 
ЖАБЫКЕ — кырк чоронун бири. Ж. Алмамбеттин келишинде жан кесеге куюлган бал кымызды Алмамбетке сунган чоро (Сагымбай Орозбаков, 2. 312). Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты отуз алтынчы келип, Ж. Дилдебурушка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 420, 427). ЖАБЫР-БАЯН (иранча бабр — жолборс, жаён — каардуу, сүрдүү) — эпосто Сагымбай Орозбак уулунун вариантында эки мааниде айтылат. 1) Өтө күчтүү жырткыч жаныбар: «Баарысынан кыйыны Жабыр-Баян деген бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 190); «Жалпы жырткыч ичинде Жабыр-Баян улугу» (Сагымбай Орозбаков, 2. 192). 2) Алмамбеттин жоо кийими маанисинде сүрөттөлөт: «Жамынганы сыртынан Жабыр-Баян териси» (Сагымбай Орозбаков, 2. 211). Бул термин «Манас» эпосунда «ШахНаме» дастанынын таасири аркылуу 19-кылымдын 2-жарымында кирген. «Шах-Наменин» негизги каарманы Үрүстөмдүн жоо кийими да бабр-е бейан» деп аталып, ал кабылан, илбирс, жолборс сыяктуу жырткыч айбандардын терисинен жасалган сырт кийим жана анын башынын формасындагы туулга болгон. Ж.-Б-дын терисинен жасалган сырт кийимди легендарлуу баатырлар соотунун сыртынан жамынып жүрүү салты чыгыш элдеринин фольклорунда кеңири белгилүү. Мисалы, Аалы (Азырети Алы), Тариел, Үрүстөм жана башкалар Ошондуктан, Сагымбай өз вариантында мындай сырткы кийимди Алмамбет да жамынып жүргөн катары сыпаттайт.
Э. Абдылдаев


Найти все переводы слова "ЖАБЫКЕ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖАБЫКЕ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru