ДҮРБҮ |
«Манас» эпосунда Д. жоокердик курал катары көрүнүктүү роль аткарат. Негизги каармандар Манас, Алмамбет, Бакай жана башкалар ар түрдүү кырдаалдарда Д. салышат: «Турнабай көзгө салыптыр Туйгунуң Манас бир кырдан, Аскерди карап калыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 4. 141); «Оң көзгө дүрбү салганы, Оолжуп карап калганы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 200); «Турнабайын алыптыр, Туйгун Бакай абаңыз, Оң көзүнө салыптыр» (Сагымбай Орозбаков, 4. 320). Эпостогу сүрөттөлүшүнө караганда Д. бир көз менен гана карай турган оптикалык түтүк экендигин байкоого болот: Айнек оозу кызарган, Алты имерип чойгондо, Кылабына койгондо Кез жарымдай узарган, Тиктегенин өлтүргөн, Алмамбет чындап караса, Алты күндүк жолдорду Аркан бою келтирген (Сагымбай Орозбаков, 4. 200). Д-нүн сүрөттөлүшү эпикалык апыртуулар менен коштолот. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын Тал-Чокудан Д. салышы эпостун урунттуу учурларынан болуп саналат: Муну менен эр Манас Күн чыгыш жакка толгонуп, Түздөп бурап дүрбүсүн Карап калды оңдонуп, (Саякбай Каралаев, 2. 100). Манас Д. менен Бээжинди карап, таң калып, Бээжиндин жайын Алмамбеттен сурайт. Алмамбет төкпөй-чачпай баяндап берет. А. Абилов, Ы. Кадыров |
дүрбү |
|
дүрбү- |
|
дүрбү |
ДҮРБҮ II дүрбө менен бирдей. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | дүрбү |
Множ. число | дүрбүлөр |
Склонение по падежам - "дүрбү"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | дүрбү |
Родительный Чей? | дүрбүнүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | дүрбүгө |
Винительный Кого?, Что? | дүрбүнү |
Местный Где?, У кого? | дүрбүдө |
Исходный Где?, У кого? | дүрбүдөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | дүрбүлөр |
Родительный Чьи? | дүрбүлөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | дүрбүлөргө |
Винительный Кого?, Что? | дүрбүлөрдү |
Местный Где?, У кого? | дүрбүлөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | дүрбүлөрдөн |
Найти все переводы слова "ДҮРБҮ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ДҮРБҮ"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ДҮРБҮ