|
Дооарызды таануу
|
|
ДООАРЫЗДЫ ТААНУУ – адатта дооарызды аткаруу менен коштоло турган, жоопкер тараптын доогердин койгон талаптарына макулдук берүүсү. Жоопкер материалдык талаш-тартышты токтотуу менен, доогердин сот жүрүмүн утуп алышын камсыз кылат. Д. т. таризи боюнча – бул жоопкердин сот ишине тиркелүүчү өзалдынча арызы же жоопкердин колтамгасы аркылуу бекемделген сот отурум протоколундагы жазуу. Д. т. мазмуну боюнча толук же жарым-жартылай, жөнөкөй же жиктештирилген түрүндө болушу мүмкүн. Жарым-жартылай Д. т-да доогер койгон талаптардын жоопкер тарап жокко чыгарган бөлүгү сакталып кала берет. Жөнөкөй таануу – эчкандай эскертмесиз эле коюлган доо-арыз менен макул болуу. Жиктештирилген дооарыз доогердин койгон талаптарынын талашсыздыгына мүмкүндүк бербей турган эскертүүлөр аркылуу жүргүзүлөт.
|