Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Дааруу
 

ДААРУУ

 
ДААРУУ — боло турган иш, окуя жөнүндө жогорку күчтөр тарабынан алдын ала аян берилген белги. Манасчылар — укмуштуудай поэтикалык шыктын ээлери. Алар айтып атканын тарыхый болуп өткөн окуялар катарында, эпикалык каармандарды, айрыкча Манас жана анын чоролорун чыныгы жашап кеткен касиеттүү адамдар катарында санашып, угуучуларды ушуга ишендирүүгө аракеттенишет. Бул адат, ишеним салтка айланып манасчылардын да, угуучулардын да сезимин ээлеп алган. Анткени, ар бир ынтызар адам өз каалоосу менен эпосту аткара албайт. Ал үчүн Манастын же анын чоролорунун даарышы (наитие) талап кылынат. Залкар чыгарманы үйрөнүп айтуу мүмкүн эмес деген ишеним манасчылардын арасына кеңири тарап, муундан-муунга салт катары өтүп кете берген. Бизге аты белгисиз же кийинки доорлордо жашаган манасчылар мындай турсун, замандаш манасчыларыбыздын бири Саякбай Карала уулу да бул салттан аттап кете албаган. Түш көргөнгө чейин эпосту айтышпаганын, түш көргөндөн кийин гана шык да, эпостун бүткүл мазмуну да көңүлдө дароо эле пайда боло калгандыгын эскеришет. Алар эпосту айтардан мурда белгилүү даярдыктан өтүп, башка айтуучунун көркөм ыктарын, чыгарманын мазмунун өздөштүрүшкөнүн адатта айтышпайт. Тескерисинче, Манастын арбагынын даарышы менен түшүндүрүп, кереметтүү түш көргөндөн кийин манасчы болгондугун айтышат. Бул абал манасчылардын профессионалдык кадыр-баркын көтөрмөлөп көрсөтүү аракети менен байланышкан. Чынында ар бир манасчынын чыгармачылык жолунда Д-га ишенүү өтө күчтүү. Ошондуктан, Манас жана анын негизги чоролорунун бири болочокто манасчы болуучу адамдын түшүнө кирип, даарып аян бериши жөнүндөгү салттык ишеним эл арасында кеңири белгилүү.
С. Алиев

дааруу

 
дааруу

Дааруу

 
Дааруу – боло турган иш, окуя жөнүндө жогорку күчтөр тарабынан алдын ала аян берилген белги. Манасчылар – укмуштуудай поэтикалык шыктын ээлери. Алар айтып атканын тарыхый болуп өткөн окуялар катарында, эпикалык каармандарды, айрыкча Манас жана анын чоролорун чыныгы жашап кеткен касиеттүү адамдар катары санашып, угуучуларды ушуга ишендирүүгө аракеттенишет. Бул адам, ишеним салтка айланып, манасчылардын да, угуучулардын да сезимин ээлеп алган. Анткени, ар бир ынтызар адам өз каалоосу менен эпосту аткара албайт. Ал үчүн Манастын же анын чоролорунун даарышы (наитие) талап кылынат. Залкар чыгарманы үйрөнүп айтуу мүмкүн эмес деген ишеним манасчылардын арасына кеңири тарап, муундан-муунга салт катары өтүп кете берген (Манас энциклопедиясы, 1-т. 174-б.)

дааруу

 
даары этишинин кыймыл атоочу.

Найти все переводы слова "Дааруу" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Дааруу"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru