Меню
Эл-Сөздүк

ДУУ-ДУУ

ДУУ-ДУУ — кытай административдик мансабы. Д-д. эпоско 18—19-кылымдагы кыргыздар менен кытайлардын ортосундагы карым-катнаштарынын натыйжасында кирип калган. Д.-д. эпосто кээде кытайдын, кээде калмактын мансабы катары айтылганы менен негизинен Кытай империясындагы шаар губернатору маанисин билдирет. Буга орус сүрөтчүсү Н. Рерихтин 1925-ж. кытай аймагынан өтүп баратып үрүмчүлүк кыргыздардын Д.-д-ну Дуту деп айтарын жазып алганы далил болот.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: