Меню
Эл-Сөздүк

ДУУЛАТ

ДУУЛАТ — эпизоддук кейипкер. Каныкей Таласка жөнөрүндө Семетейге Манастын күмбөзүнө Д. кандын сүрөтүн да тарттырганын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 155).

ДУУЛАТ

ДУУЛАТ, дуглат, доглат — этноним, эпосто моңгол урууларынын бири. Тарыхый даректер боюнча Д-тар 13-кылымдан кийин негизинен Орто Азия Жети-Суу, айрыкча Чыгыш Түркстанга чейин көчүп келишкен. Алар бара-бара түрктөшүп, үрп-адаттарын, тилин жоготушкан. Д-тардын ири бөлүгү 15-кылымдан тартып Жети-Суу аймагында казак элине сиңип кеткен. Алардын эмирлери Тимур жана тимурийлерге кызмат өтөшкөн. Д. эмирлери Чыгыш Түркстандын Маңлай-Суй аттуу аймагын бийлеп келишкен. Алардын ири өкүлдөрү Моголстан мамлекетинин улус бектери болуп, өлкөнү бийлөөдө көрүнүктүү роль ойногон. Айрым Д. эмирлери өзүлөрүнө жакпаган Моголстан кандарын өз каалолору боюнча алмаштырганга чейин барган. Ал гана эмес эмир Камар ад-дин кан Ильяс кожону өлтүрүп, Моголстанды өзү башкарып турган Д. эмирлеринин бири Мухаммед Хайдар 16-кылымда «Рашидинин тарыхы» аттуу баалуу эмгекти парсы тилинде жазып калтырган. Ал Моголстан мамлекетинин тарыхына арналган. «Манас» эпосунда моңгол урууларынын бири Д-тар наймандар менен бирге Чоң казатка активдүү катышкан эл катары сүрөттөлөт.
Ө. Караев

дуулат

дуула этишинин аркылуу мамилеси.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: