Меню
Эл-Сөздүк

ДИССЕРТАЦИЯ

ДИССЕРТАЦИЯ (лат. dissertatio — ойлоп табуу, изилдөө) — илимий даража алуу үчүн коргоого даярдалган илимий эмгек. «Манас» эпосуна байланыштуу эң алгачкы кандидаттык Д. 1964-ж., алгачкы докторлук Д. 1983-ж. корголгон. 1991-жылга чейин эпосту үйрөнүүнүн, изилдөөнүн ар кандай проблемаларына арналып илимдин түрдүү тармактары (манастаануу, педагогика, тарых, этнография, тил, философия) боюнча төмөнкүдөй Д-лар корголгон. Илимдин доктору илимий даражасын алуу үчүн: Кыдырбаева Р. 3. ««Кыргыздын баатырдык эпосу «Манас»» (Генезис. Поэтика. Айтуучулук), Алматы, 1983; Илимдин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн: Мусаев С. «Каныкейдин образы» («Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасына карата), Фр., 1964; Мамыров М. «"Манас" — кыргыз элинин баатырдык эпосу» (С. Каралаевдин варианты боюнча), Алматы, 1964; Кондучалова С. В. В. Радловдун кыргыз тили боюнча жыйнаган материалдары, Алматы, 1964; Абдылдаев Э. «"Манас" эпосунун эволюциялык өнүгүшү жөнүндө», Фр„ 1967; Бегалиев С. «"Манас" эпосунун поэтикасынын проблемалары», Фр., 1967; Медетбеков А. «"Манас" эпосундагы асылдык проблемасына карата», Фр. 1971; Сыдыков А. «"Манас" эпосундагы каармандык идеалдары», М„ 1971; Ормонов Т. «"Манас"» эпосундагы педагогикалык көз караштар», Казан, 1972; Сапарбаев А. «»Манас" эпосундагы метафоралар», Фр„ 1975; Эгембердиев Р. ««Манас" эпосундагы фразеологизмдер», Фр. 1980; Боронов А. «Кыргыздын баатырдык эпосу «"Манастагы" адам аттары», М„ 1988; Жумакунова Г. «"Манас" эпосундагы тиричилик лексикасы», Фр. 1988; Садыков Б. «"Манас" эпосунун көркөм составындагы фольклордук жанрлардын функциясы» (кошок, керээз, арман, алкыш, каргыш), Алматы, 1992.

диссертация

зат. Илимий даража алуу үчүн жазылган илимий эмгек. Кандидаттык диссертация. Илимдин доктору деген илимий даражаны алуу үчүн жазылган диссертация.



Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: