ДАҢ-ДУҢ-БАШ |
Ордо кылган Ополду Даң-Дуң-Тоонун оюна Далай журтун которду... (Сагымбай Орозбаков, 1. 117) Даң-Дуң-Баштын тоо теке Аң уулап адам көрбөгөн Сырты кара зоо теке, Абыкени баш кылып, Алтымыш мерген аткарып, Териге залал кылдырбай Бир-бир көзгө аттырып (Сагымбай Орозбаков, 3. 208). Каныкей Манастын жоого кие турган шымын (кандагай) ошол Памир, Сары-Кол тоолорун мекендеген текенин терисинен жасайт. Чындыгында Памир, Сары-Кол тоолорунда жашаган тоо эчкилер өтө зор келип, териси калың, бышык болот деп жергиликтүү элдер да айтышат. Э. Абдылдаев |
Найти все переводы слова "ДАҢ-ДУҢ-БАШ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ДАҢ-ДУҢ-БАШ"?
Ввойти