Меню
Эл-Сөздүк

ДАП

ДАП — эки бети тең тери менен капталган тегерек алкагына майда темир шакекчелер тагылган, уруп ойноочу музыкалык аспап. Ал уйгурлардын дапына, өзбектердин, тажиктердин (деф) дойрасына, түркмөндөрдүн дайрасына окшошот. Д. негизинен какма, үйлөмө, урма аспаптар менен ансамблдешип аткарылган. Ал добушу жагынан да алар менен ажарлана айкалышкан. Д. эпосто:
Керней тартып бапылдап,
Дап согулуп дапылдап.
Сурнайдын үнү такылдап,
Чилмардан кагып шакылдап (Сагымбай Орозбаков, 2. 121),— деп берилет. Ошентип, Д. керней, сурнай тартылып, чилмардан жана алтын купалуу добулбас кагылган жерде (жагдайда, шартта) ойнолгон.

дап

дап (барабандын бир түрү)

дап

дап (аспап) (муз.)

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: