Меню
Эл-Сөздүк

ДАЛЫНЫН КЕЧИРИН КЕСҮҮ

ДАЛЫНЫН КЕЧИРИН КЕСҮҮ — коркунучтуу душманды кыйнап, кордоп жазалоонун бир түрү. Элдик эпостордо мындай жазалоо көбүнчө терс каармандар тарабынан иштелет да, ал аркылуу душмандардын таш боорлугу ашкереленет. «Сейтекте» Күлчоронун колго түшкөндөн кийинки кордолушу: «Оң далыны ойду эми, Оң колунун кечирин, Такыр кесип койду эми» (Саякбай Каралаев, «Сейтек», 328),— деп сүрөттөлөт. Бул мотив түрк-моңгол элдеринин тарыхый поэма, уламыштарында кеңири жолугат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: