Menu
Эл-Сөздүк

ДАЛБАЕВ

ДАЛБАЕВ Сатыбалды [1934, Ачы району (азыркы Базар-Коргон), Ооган-Талаа айылы] — кыргыз совет артисти, Кыргыз ССРинин эл. артисти (1974), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). Москвадагы Луначарский атындагы ГИТИСти бүткөн (1957). Чыгармачылык ишин 1957-ж. баштаган.
С. Далбаев — Жакыпкан («Манастын уулу Семетей» драмасы, 1982).
С. Далбаев — Жакыпкан («Манастын уулу Семетей» драмасы, 1982).
Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында ар кандай жаркын образдарды жаратууда. «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде ички душман Жакыптын, «Сейтекте» (1988) оң каармандардын бири дарыгер Момунжандын ролдорун аткарып өзүнүн профессионалдык деңгээлин көрсөтө алды. Д-дин бул багытта жараткан кийинки образы «Айкөл Манас» (1990) драмасындагы Бүкүрдүн образы болду. Ал түзгөн эпикалык образдарда курч конфликттүү кагылыштарда калыптанган каармандардын мүнөзүн, коом менен болгон мамилесинин ачылышындагы идеялык тереңдик, көркөмдүк жетилгендик айкын көрүнөт. Бир нече медалдар менен сыйланган.
Э. Калдаров


So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: