Меню
Эл-Сөздүк

ДАГУЛУК

ДАГУЛУК — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйдүн ашына кеңешке чакырылгандардан (Сагымбай Орозбаков, 3. 81, 85).

ДАГУЛУК

ДАГУЛУК — эпизоддук кейипкер, Кашкар беги, Акундун баатыры. Кыргыз менен Кашкарлыктардын колу беттешкенде жекеге чыгат. Ага каршы барууга Кыргыл менен Бакай жол талашып калганда, Манас душмандын колунун абалын байкап, урушсуз эле жөн-жай эпке келтирүүгө ортого чыгат. Д. качырып келип Манасты саят, ал тоотпойт, экинчи сапар жарым төш жерден качырып келип сайганда анын кайра-кайра кол салганына ачуусу келген Манас аны шыйрагынан алып, камчы кылып булгалап, душмандын колун аралап жөнөйт. Д. менен тууну кармаган кишисин уруп, экөөнү тең күм-жам кылат (Кол жазмалар фондусу, 1792-инв., 15-б.).


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: