Menu
Эл-Сөздүк

ДАВЛЕСОВ

ДАВЛЕСОВ (Дөөлөсов) Насыр (1929, Кемин району, Кара-Булак айылы) — кыргыз совет композитору, дирижёр, профессор (1977), Кыргыз ССРинин эл артисти (1974).

Москва консерваториясын опера-симфониялык дирижёр адистиги боюнча профессор А. П. Чугуновдун классынан бүтүргөн (1956). Д. «Айчүрөк» операсына (1970) дирижёр жана «Манас» операсынын кайра иштелип чыккан вариантын дирижёр катары койгон (1984). «Манастын ордосунда» (К. Молдобасанов) симфониялык сүрөттөмөгө дирижёрлук кылып (1984), чыгармага мүнөздүү образдарды элестүү ачкан. Д. 1957-ж. (А. Аманбаев менен бирдикте) «Айчүрөк», «Манас» операларындагы Сыргак менен Күлчоронун образдарын түзүүдө А. Малдыбаевдин чеберчилиги жөнүндө изилдөө мүнөзүндө көлөмдүү эмгек жазган. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: