Меню
Эл-Сөздүк

ГЫРАТ

ГЫРАТ, Герат— топоним. Айрым «Манас» изилдөөчү окумуштуулардын пикири боюнча Г. шаары (түндүк-батыш Ооганстанда) Шахрух (Аксак Темирдин төртүнчү уулу) башкарган жалпы мамлекеттин борбору болгон. Ал мамлекет уделдик башкаруучуларга бөлүнгөн. Демек, Шахрух башкарган мезгилде (1409—47) ал мамлекеттин борбору Г. Ооганстан аймагында болгондугу эпосто «Шоорук Оогандын каны» катары айтылышы толук мүмкүн экендигин көрсөтөт. Географиялык реалияда Г.— Ооганстандын түндүк-батышындагы шаар; Г. провинциясынын административдик борбору.



Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: