Menü
Эл-Сөздүк

ГУРКАН

ГУРКАН — «Мажму ат-таварихте» эпизоддук кейипкер, кан. Имам Ибрагим Ферганада жана Тянь-Шанда жашаган кыргыздардан он жана сол канат күч түзүп, Г-га каршы согуш жүргүзгөндүгү айтылат. Ал эми тарыхый булактар боюнча бул термин кара кытай башкаруучуларынын титулу. 1125-ж. кара кытайлар чжурчжендерден жеңилгенден кийин Г. Елюй-Даши баш болгон алардын бир бөлүгү Емиль өрөөнүнө көчүп келишкен. 1130-жылдын орто чендеринде Баласагун, Кашкар, Бешбалыктын айланасындагы кыргыздарды каратып алган. Ушул окуяларга байланыштуу «Гуркан» деген термин ысым катары кирип калган болуу керек.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: