ГУБИЙ-ШАМУ — топоним. Эпосто кыргыз менен калмак-кытайлардын аралыгында жаткан чөл. Калмак-моңголчо — «Гоби», кытайча «Шамо» кумдуу чөл дегенди билгизет. Географиялык реалияда Гоби Ички Моңголияда жана Кытайдын Түн. батышында жайгашкан чөл жана жарым чөл.