Меню
Эл-Сөздүк

ГЛУХОБ

ГЛУХОБ Борис Григорьевич (1941, Иркутск шаары)— композитор. Москвадагы П. И. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүтүргөн (1966). 1970—72-ж. Фрунзедеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу, 1972 — 76-ж. Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармониянын көркөм жетекчиси. 1976-жылдан Кыргыз мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин музыкалык редакциясында эмгектенет. Г. кыргыз музыка фольклоруна кайрылып бир нече көлөмдүү чыгармаларды жараткан. «Бабам Манас жөнүндө баллада» акапелласын Т. Кожомбердиевдин сөзүнө жазган. ГРАДАЦИЯ (лат. gradatio — акырындап көтөрүлүү) — бирдей көркөм сөз каражаттарынын таасир берүүчү күчүнүн акырындык менен жогорулашын же басаңдашын көрсөтүүчү стилистикалык фигура. «Манас» эпосунан Г-ны айрыкча баатырлардын курал-жарактарын, кийген кийимдерин, минген тулпарларын сүрөттөгөн эпизоддордон кезиктирүүгө болот:
Ойротту бузган Алмабаш,
Ортосу болот, оозу албарс,
Түтүнү туман, түбү ыспан,
Атканга дажаал, огу ажал (Сагымбай Орозбаков, 4. 241).
Каныкей тиккен Аколпок
Жакасы алтын жеңи жез,
Кош бадана торгой көз,
Келеме бото, кең күрмө (Саякбай Каралаев, 2. 82).



Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: