Меню
Эл-Сөздүк

ГЕРЦЕН

ГЕРЦЕН Теодор Теодорович (1935, Бакай-Ата району, Орловка айылы)— сүрөтчү, монументчи, графикачы. Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1985). Г. манасчы Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын негизинде жарык көргөн «Манас» эпосунун төрт томдугуна (1978—80) графикалык сүрөттөрдүн монумент циклдерин түзгөн.


Ал анда жанрдык, баатырдык, согуштук көрүнүштөрдү реалисттик маанайда чагылдырып, каармандардын жеке мүнөздөрүн терең ачып берүүгө аракеттенген. Г. тарткан сүрөттөрдөн жогорку профессионализм, образдарды, композицияларды чечүүдө ар түрдүүлүк байкалат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: