Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ВИНОГРАДОВ
 

ВИНОГРАДОВ

 
ВИНОГРАДОВ Виктор Сергеевич (1899., Калуга губерниясы, Истик айылы) — советтик музыка изилдөөчү, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1957), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1967), СССР жана РСФСР композиторлор союзунун башкармасынын жана ЮНЕСКОнун элдик музыка боюнча эл аралык советинин мүчөсү. В. 1938-ж-дан тартып кыргыздын элдик, профессионал музыкасынын тарыхына жана манасчылардын, обончулардын, комузчулардын чыгармачылыктарына байланыштуу ондогон эмгектерди жазган. Ал советтик музыка изилдөөчүлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп манасчылар Саякбай Карала уулу менен Молдобасан Мусулманкул уулунун айтуучулук өнөрүнө ой жүгүртүп, талдоого алган. «Кыргыздын элдик речитативи» аттуу макаласында В. 1940-ж. алгачкылардан болуп «Манастан» 19 үзүндү жазып алган. Алардын арасында Саякбай Карала уулу, Ыбырайым Абдырахман уулунун, Жаңыбай Кожек уулунун, Молдобасан Мусулманкул уулунун, Актан Тыныбек уулунун да үзүндүлөрү бар. Аларды бири-бири менен салыштыра талдап, мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө илимий байкоо жүргүзгөн. Манастын сабатмалуу обондорунун көркөмдүгүн, айырмачылыктарын, төкмөлүк менен айтылышына жараша обондору өзгөрүлүп айтыларына токтолот да, «Манас» төрт түрдөгү сабатмалуу обондо айтыларын аныктайт. В. Эмгек Кызыл Туу, Элдердин Достугу, Ата Мекендик согуштун II даражадагы, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Б. Алагушов


Найти все переводы слова "ВИНОГРАДОВ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ВИНОГРАДОВ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru