Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов: gözü tok
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БӨЛӨКБАЙ
 

БӨЛӨКБАЙ

 
БӨЛӨКБАЙ, Төкөр уста — Манастын жарак-жабдыгын жасаган укмуштуу уста жана кырк мүңкүрдүн башында турган казына сакчысы. Эски варианттарда аты аталбай, «төкөр уста» (Радлов жазып алган вариант), «төкөр даркан» (Валиханов жазып алган эпизод) делет. Багыш Сазановдун вариантында «кандык уста» деген туруктуу эпитетке да ээ. Саякбай Каралаевдин варианты нын «Семетей» бөлүмүндө Б-дын ролу бир кыйла жогорулап, кеңип, усталык казына башчылыктан тышкары Бакай, Сарытаз менен бирдикте Семетейдин кеңешчиси, жардамчысы катары бул бөлүмдүн окуяларынын активдүү катышуучусу. Семетей Букардан Таласка адеп келгенде кырк мүңкүрдү (калчасы) менен кубанып тосуп чыгат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 238—239) жана эпостун кийинки окуяларында катышат. Кийин Семетей кайып болуп кетип, Кыяс менен Канчоро казынаны талаганда кырк мүңкүрү менен казынаны коргоп жатып курман болот. Эпосто Б. устачылыктын пири Дөөтү менен дос болгон кандайдыр кереметтүү уста катары сүрөттөлөт (айрым учурларда Б-дын өзү Дөөтү уста деп да айтылат). Ал Манастын укмуштуу курал-жарактарын — Айбалтасын, Сырнайзасын, Ач албарс кылычын жасайт (кээ бир варианттарда Манастын кылычы асмандан түшөт же мисирдик кереметтүү уста жасап, Манаска пайгамбардан белекке калат), кандайдыр себептер менен бузулган Аккелтени, дүрбү сыяктуу татаал курал-жарактарды да оңдойт, доолбас, булдурсун сыяктуу күнүмдүк жай турмуштун буюмдары да анын колунан чыгат. Б-дын өз ишин терең билгендиги, ченебегендей чеберчилиги. анын колунан жаралган курал-жарактар өтө татаал жол менен жасалышын сүрөттөгөн эпизоддордон ачык көрүнөт. Мисалы, Сырнайзаны «сары карагайдан кыйып, саратандын ысыгында алты ай бою кумга бөлөп жаткырып, чарайна менен чаптап, пил териси менен каптап, колдон тайып кетет деп кош тутам жерин төрт кырдуу кылып, колго жылуу болсун деп кой макмал менен тыштап, улатпай учун болоттон чыгарып, тийген жери ырбасын деп көз жаш менен сугарып», узундугун кырк кез кылат. Кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Б-дын Манастын курал-жарагын жасашы өзүнчө чоң эпизод болуп берилип, өтө кеңири баяндалат. Анда кендин иштетилишинен тартып, Манастын өзүнө гана ылайык курал-жарактын жасалып бүтүшүнө чейинки аткарылган иштер ырааттуу жана реалдуу сүрөттөлөт. Б-дын Манастын курал-жарагын жасашына Кошой, Бакай, Акбалта, Жамгырчы башында турган атпай кыргыз журтчулугу жардамга келет. Изилдөөчүлөр кыргыздардын байыркы мекени Миң-Суу өрөөнүндө кара металлдардын пайдаланыла башташын биздин заманга чейин 7—2-кылымдарга, адис кол өнөрчүлөрдүн пайда болушун 1 — 5-кылымдырга, мыкты уюштурулган металлургиялык өндүрүшкө ээ болуп, коңшу элдерге атагы чыккан өтө мыкты жоо куралдарын (мисалы, кылычты) жасоо мезгилин 6—14-кылымдарга таандык кылышат. «Манас» эпосунда Б-дай колунан көөрү төгүлгөн чебер устанын образынын жаралышы ушул тарыхый мезгилдер менен шартталган. Б. сыяктуу идеалдаштырылган кереметтүү усталардын образы дүйнө элдеринин мифтеринде, эпосторунда кеңири тараган типтүү каармандардын образы болуп саналат. Гректердин мифологиясындагы Гефест, скандинавиялыктардын эпосторундагы Веленд, Тор, карел-финндердин руносундагы Ильмаринен, кавказдыктардын нарттарындагы Тлепш, армяндардын «Давид Сасундугундагы» Кери-Торос, якуттардын олонхосундагы Куэттээни (кытай баксы), перс элдеринин «Авест» жана «Шахнамесинде» Кавелер өңдүү каармандар — Б. сыяктуу мифтик же чет элдик каардуу душманга каршы күрөшкөн баатырга атайы арнап укмуштуу куралдарды (көбүнчө кылыч) жасаган усталар. Көөнө оозеки элдик чыгармачылыкта усталардын мындай кереметтүү, теңдешсиз чебер болуп сүрөттөлүшү, металлдан курал жасоо адеп өздөштүрүлө баштаган ал доордо адамдардын магиялык түшүнүктөн али кутула электиги менен шартталган.
Р. Сарыпбеков


Найти все переводы слова "БӨЛӨКБАЙ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БӨЛӨКБАЙ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru