Меню
Эл-Сөздүк

БӨКӨНБАЕВ

БӨКӨНБАЕВ Жоомарт [1910, Кетмен-Төбө (азыркы Токтогул району) өрөөнү, Мазар-Сай айылы —1944. Ысык-Көл облусу, Чоң-Сары-Ой айылы, сөөгү Бишкекке коюлган) — акын, драматург, кыргыз совет жазма адабиятын баштоочулардын бири. 1924—26-ж. «Көк-Арт» балдар үйүндө тарбияланган. Фрунзедеги педтехникумду (1931), Москвадагы Коммунисттик университетинин журналистика бөлүмүн (1935) бүтүргөн. 1935—41-ж. «Кызыл Кыргызстан» газетасынын бөлүм башчысы, «Ленинчил жаш» газетасынын, «Советтик адабият жана искусство» (азыркы «Ала-Тоо») журналынын редактору. Б-дин көптөгөн ырлары, поэмалары, аңгемелери жана «Алтын кыз» аттуу драмасы кыргыз адабиятынын алтын фондусунан орун таап, жогорку жана орто мектептерде окутулуп жатат.
Б. «Манас» эпосунун экинчи бөлүмүнүн окуяларынан алынып жазылган «Айчүрөк» операсынын либреттосун Ж. Турусбеков, К. Маликов менен биргелешип жазган. Опера 1939-ж. кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасында көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин театрдын репертуарынан түшпөй коюлуп келатат.

Б. «Манас» эпосу боюнча кинофильм тартууга камылга кылып жүрүп каза болгон. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: