Меню
Эл-Сөздүк

БӨКӨ

БӨКӨ — балбан, карылуу, алп адам. Түрк-моңгол эпосторунда жеке адамдын күч-кубатын, тайманбас кайратын мүнөздөй турган көркөм каражат катарында милдет аткарат. «Манас» эпосунун поэтикасында каармандардын жекече касиеттерин туюндуруп мүнөздөмө берүүдө сүрөттөө каражаты катары колдонулат. Эпосто сейрек болсо да сакталып калган Б. деген көркөм каражаттын байыркылыгы байкалат. Анткени, алгачкы баатырдык эпостордун салттык эпитеттеринин бири болгон Б. деген сөздүн Манас менен Жолойго карата айтылгандыгы алардын байыркы образ экенин аныктайт. Манасчы Сагымбайдын варианты боюнча жалгыз көздүү Макел дөө кытай баатыры Коңурбайга: «Манасың кандай бөкө деп, Бадыректи көргөзчү, Байлайын барып жеке деп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 231) каарданат. Бирок, «Манас» эпосунун поэтикасында өтө сейрек учураган абстракттуу маанидеги Б. деген термин архаизмге өтүп, анын орду иран тилинен кирген семантикасы боюнча маанилеш «балбан» деген сөз менен алмашкан. Б. иран тилинен кийин эле өздөштүрүлгөн «балбан» деген сөз менен синонимдик мааниде болгондуктан эпосто кош сөз түрүндө да айтылат. Мисалы, Иле боюн башкарып турган калмак каны: «Илебинде бар деген Төрт жүз бөкөбалбаны» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 98-б.),— деп сүрөттөлөт. Ал эми 19-кылымда жазылып калган Валиханов жазып алган эпизод менен Радлов жазып алган вариантынын тексттеринде жана «Манастын» кийинки көптөгөн варианттарында Б. деген сөздүн учурабашы, албетте андан мурун эле архаизмге өткөндүгүн билгизет. Ал эми Түштүк Сибирде жашаган түрк-моңгол элдеринин адабий тилинде жана фольклордук чыгармаларында Б. деген термин өзгөчө күчтүү, балбан адамдарга карата айтылып, мисалы, моңголдордо — бөх, алтайлыктарда — бөкө, тубалыктарда — мөгө деп аталып өзүнүн эң байыркы семантикалык маанисин жоготпостон, активдүү колдонулуп келе жатат.
С. Алиев

БӨКӨ

БӨКӨ, Атайдын уулу Боокенин эркелетип чакырылган аты.

БӨКӨ

БӨКӨ — эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн жигити. Казак билермандарынын ушагына ишенген Көкчөнүн чакыруусу боюнча келаткан Алмамбетке Б. эшик ачып берип, үйгө киргизет (Сагымбай Орозбаков,
2. 257).

бөкө

бөкө (күчтүү)

бөкө

бөкө (окура) (диал.)

бөкө

зат. Балбан, карылуу, кубаттуу адам. Дөө жеңбеген бөкөдөн, Көптөн коркпос жекеден («Манас»). Бар бөкөлөр чогулуп, Алачык үйдөй бир башты Балбан таш кылып таштаган («Манас»).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: