|
Бюджеттик процесс
|
|
БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕСС – бюджетти түзүү, кароо, бекитүү, аткаруу, ошондой эле анын аткарылышы тууралуу отчетту түзүү жана бекитүү боюнча мамлекеттин бюджеттик укуктун ченемдери менен теске салынган ишмердүүлүгү. Республикалык бюджет КР Өкмөтү, жергиликтүү бюджет – жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана айыл өкмөтү тарабынан түзүлөт жана аткарылат. Республикалык бюджет КР ЖК тарабынан, жергиликтүү бюджеттер жергиликтүү кеңештер тарабынан каралат жана бекителет.
|