|
Бухгалтердик баланс (
|
|
БУХГАЛТЕРДИК БАЛАНС ( фр. balance – тараза) – субъектинин отчеттук мезгилге чейинки мүлктүк жана каржы абалын мүнөздөөчү документ. Субъектинин Б. б-сы филиал, өкүлчүлүк ж. б. бөлүмдөрүнүн, ошондой эле өзалдынча бөлүнгөн баланса көрсөткүчтөрүн камтууга тийиш. Б. б. жана анын түшүндүрмө катынын мазмуну менен таризи бир отчеттук мезгилден кийинкисине карай түзүлөт. Б. б-та биринчи отчеттук мезгилдеги көрсөткүчтөрдөн тышкары, отчеттон мурунку мезгилдеги көрсөткүчтөр зарыл өзгөртүүлөр менен кошо келтирилет. Ал өзгөрүүлөрдүн арбири анын түшүндүрмө катында чечмеленип берилүүсү керек. Зарылдыгына жараша статьяларды бөлүштүрүү менен, акча статьялары анын маанисин түшүндүргөн башка маалыматтар менен толукталат.
|