Меню
Эл-Сөздүк

Балбалдар, буркан таштар

Балбалдар, буркан таштар – байыркы жана орто кылымдар мезгилдерине таандык көчмөн түрк (кыргыз) тилдүү уруулар мүрзө үстүнө коюучу таш айкелдер. Бийиктиги 1-4 метрге жетет. Алардын көпчүлүгүнө адамдын айкели, кийим-кечесинин деталдары, канжары, кылычы же колуна кармаган чөйчөгү менен кошо чегилген. Балбалдарда көчмөндөрдүн антропологиясын, аскердик жашоо салтын байкоого болот. Чөйчөк ак төөнүн карды жарылган молчулукту, ырыскыны чагылдырган. Айрым учурларда балбалдар жеңилген жоонун башчысына карата да жасалган. Балбалдар Монголиядан, Европанын түштүк-чыгыш талааларынан, Борбордук Азиядан, Түштүк Сибирден, Алтайдан кездешет. Алгачкы балбалдар байыркы көчмөн элдерге (скиф, хунну, авар ж.б.), көпчүлүгү 6-13 кк. кыргыз, огуз, кыпчак ж.б. түрк тилдүү элдерге таандык. Мындай балбалдар Кыргызстандын Талас, Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө көп табылган. Хакас-Минусин ойдуңунда, И.В.Мартьянов атындагы Тарых музейинде (Краснояр крайы, Минусин шаары), Туванын аймагы ж.б. жерлерде орто кылымдагы кыргыз маданиятын чагылдырган эстеликтер өтө көп кездешери соңку иликтөөлөрдө такталып, жыйынтыкталды (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 86-б.).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: