Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БЭЭЖИН
 

БЭЭЖИН

 
БЭЭЖИН, Түп Бээжин, Чоң Бээжин, Орто Бээжин, Кичи Бээжин, Чет Бээжин, Нур Бээжин — топоним. Кыргыздардын жана аларга жамаатташ тектеш элдердин эң негизги эпикалык душманы — кырк кан элинин (кытайлардын) башкы кандарынын ордо шаары, көпчүлүк учурда, өтмө мааниде жалпы эле кытай өлкөсү, мамлекети. Соңку мезгилдеги манасчылардын түшүнүгү боюнча эпостогу Б. географиялык реалия катары азыркы Пекин шаарына туура келет. Б. з. ч. 1-миң жылдык — б. з. 10-кылымдагы жылнаамаларда ал Цзи шаары деп аталат. 936-ж. Сицзинь, 937-ж. Нанцзинь (12-кылымдын ортосуна чейин кара кытайлар мамлекетинин түштүк бөлүгүнүн борбору), 12-кылымдын ортосунан Чжунду же Дисин (Цзинь мамлекетинин ортоңку бөлүгүнүн борбору) болгон. 1215-ж. шаарды моңголдор ээлеп, Даду же моңголчо Ханбалык (кандын шаары) деген ат менен белгилүү. 13—14-кылымда Юань моңгол империясынын борбору болуп турган. 1368-ж. Кытай моңголдордон бошонгон соң Бейжин (Түндүк бейпилдик) деп аталган. 1412-ж. кытайдын Мин империясынын, 1644жылдан Цин династиясынын борбору болуп, ошондон ушул күнгө чейин Бейцзин ( түндүк бөлүгүнүн борбору) аталат (орусча транскрипциясы Пекин). Бэйцзинди кыргыздар өз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап Б. деп айткандай эле башка түрк-моңгол элдеринде да Пежин, Баачин, Баажин, Бейжин, Бэжин формасында айтылат. «Манас» эпосундагы эпикалык-географиялык ат Б. да ушул эле реалдуу Пекин шаарынын кытайча аталышына байланыштуу. Бээжинди борбор кылып алган Маньчжурдук Цин династиясы 1644— 1912-ж. кытай мамлекетине үстөмдүк кылуу менен бирге 17-кылымдын 80-жылдарынан 18-кылымдын 70-жылдарына чейин коңшу элдерге, анын ичинде Чыгыш Түркстандагы, Орто Азиядагы элдерге каршы баскынчы саясат жүргүзүшкөн. Мындагы элдердин ал баскынчы саясатка каршы жүргүзүп келген биргелешкен күрөшүндө кыргыз уруулары көбүнчө жетекчилик роль ойногон. Бул тарыхый конкреттүү кырдаал «Манас» эпосунун баштатан айтылып келе жаткан салттык-согуштук окуяларына жаңы тарыхый катмар болуп кирген. Эпостогу негизги эпикалык жоо кара кытайлар менен катар манжу (маньчжу) деген реалдуу эл аты да эпикалык душман катары айтыла баштаган. Ушул эле учурда манжулардын борбору болгон Б. шаары эпосто башкы жоонун борбору катары айтыла баштаган. Б. деген географиялык аталыш кыргыздарга манжур Цин династиясынын мезгилинен алда качан мурун эле тааныш болгон. Байыркы кытайлар түндүк жагындагы көчмөн түрк-моңгол элдеринин чек арасы менен жакын турган чоң шаарларынын улам бирин шартка жараша Б. деп атап келишкен. Мисалы, азыркы Б. Чыңгызкан Кытайды караткан учурда Дасин (ортоңку борбор) аталган, ал эми Б. аттуу шаар азыркы Жэкэ провинциясынын аймагында жайгашкан. Кытайларда Б-ге мааниси жакын, үндөш Бейжин деген географиялык термин биздин заманга чейин эле алардын түндүк жагындагы коңшуларынын ордосуна карата колдонулуп келген. Алгачкы учурда ал «түндүк ордо», «түндүк сарай» деген түшүнүккө ээ болуп, өтмө мааниде «түндүк варварлардын территориясы» деп да айтылган. Кыйла кийинчерээк топонимге айланган (мисалы, Чыгыш Түркстандагы уйгур бийлөөчүлөрүнүн ордо шаары Бешбалыктын кытайча варианты Бейтин болгон). Эне-Сай кыргыздары уйгурларды талкалап, качкандарын кубалап олтуруп, 843-ж. ушул Бейтинди (Бешбалыкты) караткан, бирок 1133-ж. Елюй Даши башында турган кара кытайларга тарттырып жиберишкен. Бейжин Бэй-цзин деген топоним белгилүү бир шаардын туруктуу энчилүү аты болбостон династиялар, кандыктар алмашкан сайын улам бир шаарга ыйгарыла беришинен түрк-моңгол элдеринде Б. деген термин белгилүү бир топоним эмес дубал, сепил деген жалпы ат катары колдонулуп калса керек (орто кылымда бардык шаарлар сепил, дубал менен курчалгандыгына байланыштуу). Эне-Сай кыргыздары күч алып турган чакта алардын Борбордук Азиядагы түштүк чек арасында курулган байыркы сепилдүү шаар чалдыбарын жергиликтүү эл бүгүнкү күндө да Бор-Бежин (чопо сепил, дубал) аташат. «Манаста» Түп Б., Орто Б. жана башкалар бир нече Б. бар; алар алтымыш, жетимиш байсалуу сепилдер менен курчалган, эпикалык душмандар жеңилип, баштарына кыйынчылык түшкөндө ага жашынып кутулат (мисалы, Манастан качканда Коңурбай Алгарасын ошол сепилден секиртип өтүп, дайыма кутулуп кетет). Эпосто да Б. бирде конкреттүү бир шаардын энчилүү аты, бирде сепилдүү шаар деген жалпы ат катары колдонулат.
«Манаста» Б-дин керемет сырдуу шаар катары сүрөттөлүшү кыргыздардын башка элдер, жерлер жөнүндөгү байыркы мифологиялык түшүнүктөрү менен байланышкан.
Р. Сарыпбеков


Найти все переводы слова "БЭЭЖИН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БЭЭЖИН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru