Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

БУУЛУМ

БУУЛУМ — кымбат баалуу кездеменин бир түрү:
Барча, буулум, дүрүйө,
Баасы кыйын дүнүйө (Сагымбай Орозбаков, 2. 427);
Буулум да бар, бута бар,
Дейилдеден сексен миң
Кызылдан кымкап жуда бар,
Зерисабар бу да бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 9).

Эпосто өтө баалуу, сейрек кездешүүчү кездеме катары «Каныкейдин сарамжалы» деген окуяда Б-дун шымга ичтелгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 25). Ал эми «Каныкей, Буурулду берчи — минейин, Каныкей, буулумду берчи — кийейин» деген саптар ошол кездемеден тигилген кийим да Б. деп аталарын айгинелейт.

буулум

буулум (кездеме) (эск.)

буулум

зат.. эс. Баалуу кездеменин бир түрү. Буурулду минип тердеткен, Буулумду кийип кирдеткен (Токтогул). Келиштирип баарысын, Буулум менен иштеген («Манас»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: