Меню
Эл-Сөздүк

БУТ

БУТ — сыйынуу, табынуу үчүн ар кандай материалдан жасалган кудайдын сөлөкөтү. Б. кыргыз тилине санскриттен кытай тили аркылуу кирген. Кыргыздарда Б-ка сыйынуу көрүнүшү алгач ирет 1602-ж. жазылган араб тилиндеги «Зийа ал-кулуб» аттуу чыгармада баяндалат. Мында Чыгыш Түркстанда жашоочу кыргыздардын бир бакка илинген күмүш Б-ка жана анын тегерегине илинген таштан жана жыгачтан жасалган 2000дей Б-тарга сыйынганы тууралуу айтылат. Демек кыргыздар 16-кылымда будда дини менен тааныш болгон. Бул ойду «Манас» эпосу да ырастап турат: «Жамандык көргөн күнүңдө, Жалынып келсең чоң колдойт, Бут койдуруп бултуйтуп, Эки ууртун дулдуйтуп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 178). «Манаста» Б. алтындан да жасалат деген маалыматтар бар.

бут

бут (аяк)
бут кийим
бут салмай (балдард.
үзөңгүсү)
буту бутуна тийбөө
бут тосуу (кыянаттык
кылуу)
бутуна жыгылуу (жалынуу)
бутуна тургузуу
бутуна туруу

бут

бут (жасалма кудай) (дин.)

бут

I зат. 1. Адамдардын, айбандардын, канаттуулардын басып жүрүүгө, конуп отурууга ж. б. ылайыкталган мүчөсү. Микола бутунун учу менен коридордо акырын басып бара жатты (Баялинов). Басса-турса малдын буту чөптү тепсей жүрөт (Убукеев).
2. Мебелдин жана башка нерселердин астынкы таяныч бөлүгү. Энекем ак тактанын буту элең, Ак сарай үйдүн куту элең (Тоголок Молдо).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: