Menü
Эл-Сөздүк

БУРАК АТ

БУРАК АТ (арабча бурак — көз ирмегенче, көз ачып-жумганча) — мусулман уламышы боюнча Мухамбет пайгамбарды Мекеден Иерусалимге (Кудус) андан асманга алланын алдына көз ачып-жумганча алып барган мифтик канаттуу мингич жаныбар (ат же төө). Эпостун кээ бир вариантында өлгөн адамды коюу учурундагы диний ырым-жырымдарда айтылат. Мисалы, Көкөтөй өлгөндө: «Чоңтору деген күлүгүн Бурак атка токушуп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 55), же: «Бурак атын токутуп, Жаназасын окутуп» (Сагымбай Орозбаков, 3. 54). Элдин диний ишеними боюнча өлгөн адамдын жанын бейишке мингизип алып баруучу ат маанисинде колдонулат. Бирок, бардык токулгасы менен даярдалган Б. а. сөөктү койгондон кийин дин өкүлдөрүнүн бирине ыйгарылган. Октябрь Революциясына чейин ушундай диний ырымжырымды кыргыздар да иш жүзүндө колдонгондугу белгилүү.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: