Меню
Эл-Сөздүк

БОТАЛИЕВ

БОТАЛИЕВ Ашыралы (1906, Чүй району, Кызыл-Арык айылы — 1981, Фрунзе) — кыргыз совет артисти, улуттук театр өнөрүн баштоочулардын бири, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып, 1926—30-ж. Кыргыз театр студиясында окуган; 1930—34-ж Кыргыз мамлекеттик театрынын, 1934—42-ж. Кыргыз музыкалык драма театрынын, 1942—52-ж. Кыргыз опера жана балет театрында солист, 1952-жылдан бери Кыргыз мамл. академиялык драма театрында улуттук ар кыл образдарды жараткан. Б-дин «Манаска» байланышкан чыгармачылык ишмердүүлүгү «Айчүрөк» операсынан башталган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз исккусствосунун он күндүгүнө даярдалган бул операда Б-ге Чынкожонун партиясы ыйгарылган. Ички душман катары сүрөттөлгөн бул каармандын татаал образын чеберчилик менен сахнага алып чыккан ырчынын ийгилиги москвалыктардын купулуна толот. Согуштан кийин «Манас» операсынан Бокмурундун партиясын аткарат. Б-дин опералык ырчы катары таанылышы биринчи кезекте залкар, кайталангыс каармандарынын образдары менен тыгыз байланыштуу.
А. Боталиев — Бокмурун («Манас» операсы, 1946).
А. Боталиев — Бокмурун («Манас» операсы, 1946).
Б. эки Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: