Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

БОРОНОВ

БОРОНОВ Адина Айылчиевич (1957, Алай району, Жошолу айылы) — «Манас» изилдөөчү, филология илимдеринин кандидаты (1988). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин. бүтүргөн (1981). 1981 —83-ж. Москвада СССР Илимдер акдемиясынын Тил таанууинститутунда стажировкада болгон, 1983-жылдан ушул эле институтта аспирант. 1988—90-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабиятинститутунда илимий кызматкер, 1989жылдан Кыргыз айыл чарба институтунда улуу окутуучу, 1991-жылдан кафедра башчысы. «Кыргыздын баатырдык эпосу «Манастагы» адам аттары» деген темада кандидаттык диссертация (1988) коргогон. Анда эпостогу адам ысымдары, алардын этимологиясы иликтенген. «Манас» эпосу менен кыргыз тилинин карым-катнашына, эпостун тилине байланыштуу илимий макалалардын автору




Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: