Меню
Эл-Сөздүк

БОРБУГУЛОВ

БОРБУГУЛОВ Мухтар (1930, Сузак району, АкТоок айылы)— кыргыз совет адабиятчысы, жазуучу, тамсилчи, филология илиминин доктору (1967), профессор (1967). 1988-жылдан КСЭнин башкы редактору.


Б. кыргыз Совет адабиятында тамсил жанрын калыптандырууга белгилүү роль ойногон. Анын кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн фольклордон реалисттик адабиятка өсүп, өнүгүшүнүн негизги проблемалары, реалисттик усулдун калыптанышы, кыргыз совет адабиятындагы улуттук жана интернационалдык мамилелердин карым-катнашы, фольклордук салттын эволюциясы жана диалектикасы боюнча изилдөөлөрү бар. Б. «Манас» эпосуна байланыштуу илимий макалаларында эпостун чыгыш тарыхы жөнүндөгү В. В. Радловдун, П. Н. Берковдун, В. М. Жирмунскийдин, М. Ошондой Ауэзовдун, Б. М. Юнусалиевдин ар түрдүү көз караштарын кеңири иликтөөгө алуу менен ошондой эле Манастын образын улуу эпостор «Илиада» менен «Одиссеядагы» Зевс менен Ахиллдин, «Махабхаратадагы» Аржуна менен Карыонун образдары менен салыштыра изилдөө аркылуу Б-дун чыгарган жыйынтык ою, сунуш кылган жыйынтык-гипотезасы өзүнөн мурдагы окумуштуулардын чыгарган жыйынтыктарынын катарынан орун алган. Ал ««Манас» эпосунун байыркы башаттары» («“Кыргызстан Маданияты”», 1987, № 3—4), «Токомбаевке тийишкен ким?» («Кыргызстан Маданияты», 1988, 1. № 27), «Элдик сатира: Кыргыз фольклористикасынын маселелери» («Кыргызстан Маданияты», 1978, № 13, 14, 16) деген «Манас» эпосуна арналган макалалардын автору.
Л. Абилов


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: