Меню
Эл-Сөздүк

БОЗ ҮЙ

«Төрт колдоп уук улаган, Дөбөдөн үйүн сынаган. Берметке шуру кынаган, Белгиси жакшы байбиче, Белестен үйүн сынаган» (Калык). Бул — кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү.
      Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган.
      Көчүүгө жеңил, каалаган жайга кондурууга ылайыкталган, жаан суусун тез агызган, табияттын ар кандай таасири-күчүнө туруктуулук кылган боз үйдүн ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого да оңтойлоткон.
      Кыргыздар жашоо-шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан. Алачыктардын көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу түрлөрүнүн андан аркы өнүктүрүлгөн түспөлү катары каралат. Боз үйдүн жыгач тулкусуна узанган усталар — чыныгы архитекторлор. Жайып тиксе, тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү, бүктөп койсо, бир төөлүк жүк, көчүп-конууга ылайык, тоолуктардын сыймыктуу бул мүлкүнүн көлөмү, албетте, ар кандай болот.
      Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт. Тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55—65—-75 баштуу үйлөр арбын жасалган. Боз үй «тигилиши мыкты», «бүркүттүн томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты» жана башка ушул сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт. Ак өргөөнү көтөрүүдө көөрү төгүлгөн зергердин, жыгачынын, кайкач бармак оймочунун, саймачынын, өрмөкчүнүн, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы-тикмечинин колдору катышат. Мунун эң чоңу «ак сарай» деп аталат.
      Боз үйдү жасоодо, тигүүдө, чечүүдө, жүктөөдө, сактоодо көркөм кол өнөрчүлүктүн ар бир түрү табы менен кармалат да, тери - жүн, сайма, таар, жыгач, таш буюмдары боз үйдүн ички колдонмо-жасалгаларына катыш жасайт. Узчулук: оймочулук, саймачылык, чыгармачылык, өрмөкчүлүк, килемчилик, түймөчүлүк, бычмачылык, зергерчилик, кайышчылык, жыгаччылык, мүйүзчүлүк, таш чегүүчүлүк боз үйдөн көрүнүп, элдик буюм катары таанып-туюлат. Эстетикалык ыракат берет. Эгер өнөрдүн бирөө болбосо, үйдүн бир татым тузу кемийт. Боз үй көтөрүүчүлөр жогоруда санап кеткен узчулук (аялдарга таандык өнөр) аракеттерин бүтүндөй өзү эле бир колдон чыгарууга жетишкен. Ким зергер аталса, ал боз үйдүн устачылыгын түгөл кармаган.
      Боз үй азыр ак өргөө катары тигилүүдө. Анда коломто жок. Үйдүн эни менен бирдей шырдак, ала кийиз, шалча салынат. Боочулары, тегиричи, кылдыроочу кадимки терме болот. Боз үй тигүүдө айырмачылыктар бар. Жасалга буюмдарында жашыл түс арбын пайдаланылса, ички жасалгалар жашыл болуп көрүнүп, аны «жашыл үй» дейт. Мына ушундай боекторуна карай «сары үй», «кара үй», «кызыл үй» деп айтылышы ыктымал.

БОЗ ҮЙ

БОЗ ҮЙ — Борбор жана Орто Азия талааларында байыркы көчмөн элдердин негизги турак жайы, элдик мүлк. Алардын ичинен түрк жана моңгол элдери жашаган турак жай жеңил келип, көчүп конууга ылайыкталып, суукта жылуулугу, ысыкта салкындыгы менен айырмаланган. Б. ү. түрк-моңгол элине жеткенге чейин да ар кандай көчмөндөр тарабынан анын тигил же бул элементтери көп жолу өзгөрүлүп өнүгүп келген. Акыры биздин замандын биринчи миң жылынын орто ченинде түрк көчмөндөрү тарабынан ал үйлөрдүн негизине эң чоң өзгөрүү киргизилген. Ал өзгөрүү — бүктөөгө жана жазууга боло турган тор көздүү кереге болгон. Керегенин жасалышы мал чарбалыгы менен тоо-талааларда көчүп-конуп жүргөн көчмөн турмуштун зарылчылыгынан келип чыккан. Көчүүгө жеңил, каалаган жайга тигүүгө ылайыкташкан, жаан суусун тез агызган, табияттын ар кандай таасирине чыдамдуу Б. ү-дүн жыгаччылыгына (сөөгүнө): уук-кереге, босого-таяк (баш босого, аяк босого), түндүк, каалга кирет. Үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш, боз үйдүн өрө кийизин түзөт. Үйдүн ички — сырткы жасалгалары: жабыкбаш боо, тегирич боо, үзүк боо, туурдук боо, жел боо, уук учтук, саканак таңгыч, кылдырооч, төтөгө канат чий, чыгдан өңдүүлөрдөн турат да, алардын өзүлөрүнө тиешелүү көркөм оюмдары жана көчөттөрү түшүрүлөт. Эпосто «Асемдеген ак сарай, Салтанаты бир далай» (Сагымбай Орозбаков, 3. 51),— деп сүрөттөлгөндөй, Б. ү-дүн чоңу «ак сарай», же ордо, андан кичирээгин «ак өргөө», ал — жасалгалуу үй. Ал эми күнүмдүк турмушта колдонулганы Б. ү., жолум үй. Анын жыгачтарына алтын күмүштөн көрчөгө чабылган.
Кайыңдан түндүк ийдирген,
Каалга, таяк босого,
Канча түрдөп чийдирген,
Ууктарын нылдаган,
Каалга менен босого
Канча түрдөп сырдалган
Чийин жибек чырмаган (Сагымбай Орозбаков, 3. 50).

В. Верщагин. Кыргыздардын революцияга чейинки тиричилиги.
В. Верщагин. Кыргыздардын революцияга чейинки тиричилиги.
Бү-дүн каалга, босого — таяктарына жыгач оюм-чийимдери түшүрүлүп, укмуштай кооз сырдалган, чийлер чырмалган. Ак өргөөнүн түндүгүнөн айчыгы алтындан жибек асаба күнгө чагылышып, алыстан эле дүпөктүү көрүнөт. Ак сарайдын жыгач бөлүгү, чийлери кандай асемделсе, сырткы жабдуусу жана ички жасалгасы да ошондой эле асемделгени эпосто белгиленет:
Үзүгүнүн баарысын
Ак манат менен тыштатып,
Ууктарын учтатып,
Учу сайын ууктун
Учуна манат тыштатып (Сагымбай Орозбаков, 3. 102).

Боз үйдүн сырткы көрүнүшү.
Боз үйдүн сырткы көрүнүшү.
Келтирилген саптардан ак сарайды чечкенде, ууктарынын учтары сынбасын үчүн ар бир уукту кийгизгени айтылат. Ак сарайдын ички жасалгасынын эң көрүнүктүү элементтеринин бири жабык баш болгондуктан ал жөнүндө: «Жабык башы кундуздан Жана токсон үй болду» (Сагымбай Орозбаков, 3. 146). Боочулары жөнүндө төмөндөгүчө айтылат: «Аземдүү боо тартылган Тагылганы зымдар боо» (Сагымбай Орозбаков, 3. 117). Эпосто ак сарайды жалаң эле өзүнүн негизги аткарган милдети — турак жай катары гана эмес кыргыз элине, кыргыз жерине келген чет элдик коноктор, саякатчылар, элчилер, соодагерлер кабыл алынган, эл тагдыры чечилген маселелер каралган жай катары көрсөтүлгөн. Ак сарай эпосто сулуулуктун символу жана эң баалуу, эң аялуу буюм катары ак кийиз менен жабылып, кыздарга сеп катары берилет. Уулдар үйлөнгөндө чакан төрт канат өргөө көтөрүлгөн. Кыздын себине өргөө берүү, уул үйлөнгөндө өргөө көтөрүү салттары «Манас» эпосунда да кеңири баяндалат. Мисалы, Манас Карабөрккө үйлөнгөндө кайын атасы Кайып даң сепке берген өргөөнүн кооздугун Жайсаң ырчы жарым күнү ырдайт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 545-б.).
А. Акматалиев, Б. Алымбаева



Боз үй

Боз үй – бир катар көчмөндүү элдердин үстү кийиз менен (үзүк, туурдук) жабылган, негизи кереге, уук, түндүктөн турган үйү (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. 1-том. 165-б.).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: